1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

36

Жумуш ордунда окутуу – келечек адистер үчүн маанилүү тажрыйба

   2026-жылдын 19-майында  Экономика жана укук колледжинде  Ишкердиктин негиздери  предметинен  Кирешелерди жана чыгашаларды пландоо  тема боюнча   жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.   Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Кадырова Элиза тарабынан уюштурулду. Иш-чарага БЭК-2-23 жана ФК-2-3-23 тайпаларынын  студенттери катышып, бухгалтерия тармагындагы  заманбап талаптар жана иш процесстер менен жакындан таанышты.

   Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынын адиси Суеркулова Асия Суеркуловна  киреше жана чыгашаларды пландоо, борборлоштурулган бухгалтериянын түзүлүшү, аткарган негизги функциялары, каржылык документтер менен иштөө тартиби тууралуу кеңири маалымат берди. Ал реалдуу мисалдар аркылуу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

    Жумуш ордунда окутуунун   жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча пайдалуу маалымат алышты:

 -борборлоштурулган бухгалтериянын структурасы жана анын мамлекеттик мекемелердеги ролу;

 - каржылык отчёттуулук процессинин этаптары;

 -бюджеттик уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү;

  -практикалык милдеттерди автоматташтырууда колдонулган ыкмалар.

   Иш-чара студенттер үчүн теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп, алардын кесиптик даярдыгын чыңдоого өбөлгө болду.