1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

28

ЭУКтун студенттери эл аралык илимий конференцияга активдүү катышты

Экономика жана укук колледжинин окутуучулары жана студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институту тарабынан уюштурулган “Илимге карай жол: Жаштар жана инновациялар” аталышындагы XXIII студенттик илимий-практикалык конференцияга онлайн форматта активдүү катышышты.

Илимий-практикалык конференцияны институттун директору, техника илимдеринин доктору, профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович ачып, жаштарды илимге, изденүүгө жана жаңычыл ой жүгүртүүгө үндөгөн мазмундуу сөз сүйлөдү. Андан соң конференциянын кадырлуу конокторуна сөз берилип, Экономика жана укук колледжинин директору Ташматова Айнагуль Акылбековна катышуучуларга ийгилик каалап  куттуктады.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер секциялык отурумдарга онлайн катышып, өздөрүнүн илимий макалалары боюнча докладдарын окушту. Алар актуалдуу темаларды көтөрүп чыгып, илимий ой жүгүртүүсүн, изденүү жөндөмүн жана чыгармачылык потенциалын көрсөтө алышты. Мындай илимий иш-чаралар жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып гана тим болбостон, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө да чоң өбөлгө түзөт.

Конференциянын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге атайын тастыктама сертификаттар тапшырылып, илимий жетекчилердин эмгеги да жогору бааланып, сертификаттар менен сыйланышты.