1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Америка ордосундагы практикалык сабак – студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

19- май күнү Экономика жана укук колледжинин Туризм адистигинин ТМК-2-25 тайпасынын студенттери жумуш ордунда окутуу программасынын алкагында Америка ордосуна барып, чет тили сабагына катышышты. Сабакты чет тилдер окутуучусу Н. Айылчиева өткөрдү.

Сабактын негизги максаты – студенттердин англис тили боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, заманбап билим берүү борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана өз алдынча изденүүгө багыт берүү болду.

Сабак учурунда студенттер Америка ордосунун китепканасы, окуу залдары жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле англис тилиндеги китептер менен иштеп, окуу көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Жумушчу программага ылайык грамматикалык  тема  боюнча теориялык жана практикалык тапшырмалар аткарылып, студенттер сүйлөм түзүү аркылуу жаңы сөздөрдү колдонууга үйрөнүштү.

Практикалык сабак студенттер үчүн өзгөчө кызыктуу жана пайдалуу болду. Алар чет тилин үйрөнүүдө эркин сүйлөөнүн, туура сүйлөм түзүүнүн жана китеп менен иштөөнүн маанисин терең түшүнүштү. Мындай сабактар келечектеги туризм адистеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана дүйнөлүк маданият менен байланыш түзүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.