ЭЮКта ИЛИМИЙ СЕМИНАР
25-март күнү экономика-юридикалык колледжинде план боюнча окутуучуларга "Диссертацияны жазуунун жол-жоболору" жана "РИНЦте макалаларды жарыялоонун жол-жоболору" аттуу илимий семинар-тренинг уюштурулду. Илимий семинарды ЭЮКтун директору э.и.д.,профессор А.Б.Карбекова өттү. Аталган семинардан окутуучулар диссертацияны жазуунун жол-жоболору , макаланы жазууну жана кайсыл журналдарга жарыялоонун жолдору менен таанышты. Семинарда окутуучулар илимий иш жазуу боюнча бир канча суроолорду берип, жоопторду алышты.