1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Квалификациялык практика ийгиликтүү жыйынтыкталды

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын СРк-2-23 тайпасынын студенттеринин квалификациялык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштерин тааныштырып, алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Практикадан өткөн мекемелер студенттердин жоопкерчилигин, кесипкөйлүгүн жана активдүүлүгүн жогору баалап, ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Ошондой эле тайпанын студенттери Манасбекова Лира жана Умурзакова Адина практика өтөгөн Манас шаардык социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жумушка калуу сунушуна ээ болушту. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүндө практика өткөн айрым студенттерге да туруктуу иштөө сунуштары берилди.

Бул жетишкендиктер студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырып, өз кесибине болгон жоопкерчилигин жогорулатканын көрсөтөт.