1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

Иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Анарбай кызы Айтбү, Сатымкулова Наргиза, Эрлан Молдомиров тарабынан 2026–2027-окуу жылына карата Социалдык иш адистигинин НББПсы жана бүтүрүүчүнүн модели боюнча Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында тегерек стол өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө НББПнын мазмуну, окуу планы, предметтердин мазмуну, жумушчу программалар жана студенттердин практикалык даярдыгы каралды. Ошондой эле бүтүрүүчүнүн модели талкууланып, социалдык иш адистиги боюнча даярдалуучу адистердин кесиптик компетенттүүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Тегерек столго башкармалыктын ар бир бөлүмүнүн бөлүм башчылары катышып, 2026–2027-окуу жылына карата өз сунуштарын билдиришти. Алар практикалык көндүмдөрдү күчөтүү, документ жүргүзүү, кардар менен иштөө, кесиптик этика жана социалдык иш жүргүзүүдөгү заманбап ыкмалар боюнча пикирлерин айтышты.

Мындай жолугушуулар жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө иш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен билим берүү программаларын жакшыртууга жана социалдык иш адистерин сапаттуу даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт.