БАТА МЕНЕН ЭЛ КӨГӨРӨТ
23-март күнү экономика-юридикалык колледжинин директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова жана окутуучулар жамааты Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралында келген √53-б "Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү" жөнүндөгү буйругуна ылайык, жалгыз бой улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн Жалал -Абад шаарынын жашоочулары Аипова Ашаяхан жана Бекбулатова Мявлигульгө барып кабар алып келишти. Колледждин директору А.Карбекова энелерди рамазан айы менен куттуктап, аларга каалоо тилектерди айтты. Окутуучулар энелерге даярдап барган азык-түлүктөрдү тапшырды. Жалгыз бой энелер окуу жайыбыздын жетекчилигине, окутуучулар жамаатына ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти.