1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

35

Туризм багытындагы эки окуу жайдын кызматташуусу

Экономика жана укук колледжинин туризм адистигинин студенттери жана окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Туризм Академиясына иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө Экономика жана укук колледжи менен Туризм Академиясынын колледжинин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишим түзүлүп, келечектеги биргелешкен пландар талкууланды. Тараптар билим берүү тармагындагы өз ара байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Аталган иш сапарга ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Карим кызы Лунара жана ТМК-2-25 тайпасынын куратору Назгул Айылчиева да катышып, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы жолугушууларга активдүү катышып келишти.

Жолугушуунун алкагында студенттер эки окуу жайдын ортосунда достук байланыш түзүп, туризм тармагындагы билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ал эми окутуучулар кесиптик тажрыйба алмашып, окутуунун заманбап ыкмалары боюнча пикир алышты.

Мындай кызматташтык студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүү сапатын жогорулатууга жана келечектеги ийгиликтүү долбоорлордун ишке ашуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет.