1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кызматташтык

Экономика жана укук колледжинде Заполярдык Мамлекеттик   Университетинин өкүлдөрү —  Наталья Геннадьевна Земзюлина коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы  жана улук окутуучу Андрей Николаевич Никифоров менен  конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны «Жалпы билим берүү» ПЦКсынын окутуучусу Карим кызы Лунара жана «Жалпы билим берүү» ПЦКсы тарабынан, ошондой эле Россиянын ЖОЖдорунун Манас шаарындагы өкүлү Ольга Викторовна Малюженконун колдоосу менен уюштурулду.

Лекциядан кийин Экономика жана укук колледжинин окутуучулары менен жолугушуу өттү.  Жолугушуунун алкагында биздин колледждин  ортосунда кызматташуу боюнча сунуштар айтылды. Окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, онлайн илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, актуалдуу темалар боюнча биргелешкен коллаборациялар жана башка билим берүүчү, илимий долбоорлорду уюштуруу пландалууда. Жолугушуу  мазмундуу, кызыктуу жана пайдалуу өттү.