1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Интервью: Бүтүрүүчү ийгилиги — келечектеги студенттерге мотивация

Экономика жана укук колледжинин 2022–2023-окуу жылынын бүтүрүүчүсү Максатов Ильгиз Төлөгөнович  менен маек уюштурулду. Учурда Ильгиз Төлөгөнович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында архивариус кызматында эмгектенет. Интервью учурунда ал студенттик жылдарын эскерип, кесиптик жолунун башталышы жана учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берди.

Маектин жүрүшүндө Ильгиз колледжде алган билим жана практика анын кесиптик калыптанышына чоң жардам бергенин белгиледи. Ошондой эле укук тармагында иштөө жоопкерчиликти, тактыкты жана үзгүлтүксүз өзүн өнүктүрүүнү талап кыларын айтты.

Ал архивариус катары сот документтерин сактоо, ирээтке келтирүү жана архив иштерин жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан милдеттери тууралуу маалымат берип, мамлекеттик мекемеде иштөөнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Мындан тышкары, студенттерге ар дайым билимге умтулуп, практика учурунда активдүү болууга жана өз кесибин сүйүүгө чакырык жасады.

Маектин соңунда Ильгиз өзүнүн бүгүнкү ийгилигине салым кошкон окутуучуларына терең ыраазычылык билдирип, алардын берген билими, кеп-кеңеши жана колдоосу келечектеги кесиптик жолунда чоң түрткү болгонун белгиледи.