1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

29

Укук таануу адистигинин студенттери практика жыйынтыгын чыгарышты

Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин 2-курс студенттери үчүн 30-апрель күнү окуу-таанышуу практикасын жыйынтыктоочу конференция уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин практика учурунда алган билимдерин, тажрыйбаларын жана кесиптик көндүмдөрүн талдоо болду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика өткөн мекемелери тууралуу кеңири маалымат берип, укуктук документтер менен иштөө, жарандарга укуктук кеңеш берүү процессине байкоо жүргүзүү жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле алар практика учурунда кездешкен кызыктуу учурларды айтып, теориялык билимди практика менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чаранын соңунда практика жетекчилери студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, келечекте кесипкөйлүккө умтулуу, жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүү ар бир юрист үчүн маанилүү экенин белгилешти. Конференция студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, алардын кесипке болгон кызыгуусун арттырды.