1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Билимден тажрыйбага: окуу практикасынын жыйынтыгы

   Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын Экономика жана бухгалтердик эсеп жана Салык жана салык салуу адистиктеринин 2-курсунун студенттеринин окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

     Иш-чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, колледждин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, Экономика ПЦКсынын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктердин практика жетекчилери катышышты.

       Бул иш-чара студенттердин окуу практикасынын жүрүшүндө алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, алардын кесиптик көндүмдөрүн бекемдөө жана жыйынтыктарын талдоо максатын көздөдү. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн практика учурундагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана алган тажрыйбалары тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле практика учурунда туш болгон кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

       Жыйынтыгында, окуу практикасы студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын кесиптик багыт алуусуна, өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адис катары калыптанышына чоң өбөлгө түзгөнү белгиленди.