1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Каржы багытындагы студенттер тажрыйбалары менен бөлүштү

 Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын «Каржы (тармактары боюнча)» адистигинин 2-курс студенттеринин окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Экономика жана укук колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, Экономика ПЦКсынын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктин практика жетекчилери катышышты.

       Студенттер практика учурунда каржы тармагындагы ар түрдүү мекеме-ишканаларда, банктарда жана башка каржылык уюмдарда тажрыйба топтошуп, өздөрүнүн отчетторун, презентацияларын жана жетишкендиктерин сунушташты. Алар практика учурунда алган билимдерин бекемдеп, теориялык билимди өндүрүш менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын белгилешти.

       Конференциянын жүрүшүндө студенттердин ишмердүүлүгү бааланып, жетекчилер тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер өзгөчө белгиленип, алардын иштери үлгү катары көрсөтүлдү. Ошондой эле практика учурундагы кыйынчылыктар, аларды чечүү жолдору жана келечекте кесиптик өнүгүү боюнча маанилүү кеңештер берилди.