1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Насаатчылык — кесиптик өнүгүүнүн жана педагогикалык чеберчиликтин негизи

2025–2026-окуу жылында ЖАМУнун «Насаатчылык жөнүндө» жобосуна ылайык Экономика жана укук колледжинин чет тилдер окутуучусу Н. Айылчиева Жалпы билим берүү ПЦКсынын чет тилдер окутуучусу Н. Кочкоровага насаатчы болуп дайындалды. Бул иш-чара жаш окутуучунун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, педагогикалык тажрыйбасын байытуу жана заманбап билим берүү усулдарын өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Насаатчылык ишмердүүлүгүнүн алкагында Н. Айылчиева чет тилдерди окутуунун натыйжалуу ыкмалары боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, сабак өтүүдөгү интерактивдүү усулдарды колдонуу тууралуу баалуу кеңештерди берди. Айрыкча студенттердин сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган диалог, рольдук оюндар, топтук иштер жана санариптик технологияларды колдонуу боюнча сунуштары жаш окутуучу үчүн чоң жардам болду.

Мындан тышкары, илимий-педагогикалык багытта макала жазуунун өзгөчөлүктөрү, изилдөө темасын тандоо, материалдарды талдоо жана академиялык талаптарды сактоо боюнча да усулдук жардам көрсөтүлдү. Сабакты туура пландаштыруу, студенттер менен натыйжалуу байланыш түзүү, баалоонун заманбап түрлөрүн колдонуу сыяктуу маселелер боюнча дагы тажрыйба алмашуу жүрдү.

Мындай насаатчылык байланыш жаш окутуучунун чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүп, анын педагогикалык ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле билим берүү тармагында кесиптештик колдоону чыңдап, тажрыйбалуу жана жаш муундагы окутуучулардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.