1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Тарых барактары

2026-жылдын 30-апрелинде Экономика жана укук колледжинде өзгөчө маанайдагы, тарбиялык мааниси терең иш-чара болуп өттү. БЭк-2-25 тайпасынын куратору Н. А. Кочкорованын демилгеси менен уюштурулган “Тарых барактары” аттуу тарбиялык ачык сабак 9-Май — Жеңиш күнүнө арналды.

Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундун жүрөгүнө мекенчилдик сезимин сиңирүү, Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын эрдигин эскерүү жана Жеңиштин баасын түшүндүрүү болду. Ар бир номер, ар бир сөз көрүүчүлөрдү тарых барактарына жетелеп, согуш жылдарындагы элдин кайратмандыгын эске салды. Кеченин жүрүшүндө студенттер патриоттук ырларды аткарып, согуш доорунун символуна айланган “Катюша”, “Журавли” бийлерин көркөм деңгээлде тартуулашты. Ошондой эле трюктар көрсөтүлүп, аскердик марш тебүү уюштурулуп, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

Бул ачык сабак жөн гана маданий иш-чара болбостон, тарыхты урматтоого, тынчтыктын кадырын билүүгө жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууга багытталган маанилүү тарбиялык саат болду. Жаштардын патриоттук духун көтөргөн мындай иш-чаралар келечек муун үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ экени талашсыз.