1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Ишке орношуу маегине даярдык

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын практика жана карьера боюнча жетекчиси Анарбай кызы Айтбүнүн демилгеси менен «Социалдык иш» адистигинин бүтүрүүчү курс студенттерине «Ишке орношуу маегине даярдык» аттуу тренинг өткөрүлдү. Тренингди Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкери Турдалиева Жаннета алып барды.

Максаты: Студенттерге ишке орношууда зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу, жумуш берүүчү менен болгон маекке туура даярданууну үйрөтүү жана сапаттуу резюме түзүүнүн жолдорун көрсөтүү.

Тренингдин жүрүшүндө студенттер маек учурунда өзүн ишенимдүү алып жүрүү, суроолорго так жооп берүү, ошондой эле заманбап талаптарга ылайык резюме жазуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатып, келечекте ийгиликтүү жумушка орношуусуна чоң өбөлгө түздү.