1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жумуш ордунда окутуу жана конок лекция: насыялык жөндөмдүүлүктү талдоонун практикалык негиздери

Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген билим берүү саясатын ишке ашыруунун алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү жана өндүрүштүк комплекси Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын Каржы (тармактары боюнча) адистигинин окутуучулары Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан маанилүү иш-чара уюштурулду. Иш-чараны Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова ачып, келген конокторго ыраазычылык билдирип, мындай практикалык жолугушуулар студенттердин кесиптик өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында ЖАК «Байлык-Финанс» микрокредиттик компаниясынын менеджери Исакжанов Дилшоджон Азимжанович “Насыялык жөндөмдүүлүктү талдоо” боюнча кеңири маалымат берип, бул багыттагы адис жалаң гана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзбөстөн, психологиялык жактан да күчтүү болушу керектигин белгиледи. Ал кардар менен иштөөдө анын жүрүм-турумун, жоопкерчилигин, ишенимдүүлүгүн байкай билүү маанилүү экенин айтып, кээде бир гана маектешүү аркылуу кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү тууралуу алдын ала тыянак чыгарууга болорун баса белгиледи.

          Каржылоо боюнча адис Айтиев Кубанычбек Бекмуратович кардардын насыялык жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизги ыкмалары менен тааныштырып, бул процессте финансылык көрсөткүчтөрдү системалуу түрдө изилдөө зарылдыгын түшүндүрдү. Ал кардардын кирешелерин, чыгашаларын, учурдагы милдеттенмелерин, кредиттик тарыхын жана төлөө тартибин комплекстүү анализдөө керектигин белгиледи. Ошондой эле 5C (Character, Capacity, Capital, Collateral, Conditions) принцибин колдонуу аркылуу кардарды ар тараптуу баалоо мүмкүн экенин айтып өттү.

        Каржылоо боюнча адис Бакытбеков Арген Бакытбекович киреше-чыгаша анализи жана тобокелдиктерди баалоо принциптери боюнча кошумча кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө кардардын финансылык абалын аныктоодо биринчи кезекте бардык киреше булактарын тактоо зарылдыгын белгилеп, расмий жана расмий эмес кирешелерди өзүнчө карап чыгуу керектигин түшүндүрдү. Кирешелердин туруктуулугу жана үзгүлтүксүз келип турушу насыя берүүдө негизги факторлордун бири экени айтылды.

        Чыгашаларды талдоодо адис кардардын күнүмдүк жана милдеттүү чыгымдарын (тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б.) толук эсепке алуу зарылдыгын белгиледи. Чыгашаларды милдеттүү, өзгөрмө жана күтүүсүз деп бөлүү аркылуу кардардын реалдуу финансылык жүгүн аныктоого болору түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк бюджетти комплекстүү талдоо кардардын таза кирешесин так аныктоого жана насыя төлөмдөрүнүн коопсуз деңгээлин белгилөөгө жардам берери айтылды.

      Тобокелдиктерди баалоо боюнча ал насыя берүүдө мүмкүн болгон коркунучтарды алдын ала аныктоо маанилүү экенин баса белгилеп, негизги тобокелдиктер катары ишсиз калуу, кирешенин азайышы, инфляция, экономикалык туруксуздук жана күтүүсүз турмуштук жагдайларды атады. Бул факторлор кардардын насыяны өз убагында төлөй албай калуу коркунучун жогорулатат.

         Экономика ПЦКсынын башчысы З.М. Ахмедова өз сөзүндө мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө менен гана чектелбестен, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи. Ошондой эле ал мындан ары да өз ара кызматташтык улантылаарын айтып, конокторго терең ыраазычылык билдирди.