1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

103

ЭУКта кезектеги жумуш ордунда окутуу

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсында жумушчу программанын алкагында "Кыргызстандагы социалдык иш тажрыйбасы" предмети боюнча окутуучу Анарбай кызы Айтбү тарабынан СРк-01-25 тайпасынын студенттери үчүн Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуунун максаты: студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу, социалдык коргоо тармагындагы мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярдоо.

Жумуш ордунда окутуунун жыйынтыгында студенттер социалдык иш тармагындагы практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул тажрыйба алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түздү.