1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Кибер кылмыштуулукту алдын алуу

Эконмика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсында «Кибер кылмыштуулукту алдын алуу»- деген темада ФКк-3-25, УТк-7-25, ССк-3-25, ФКк-4-25 тайпаларынын кураторлору М.Ж.Асанова,Г.М.Барпиева,Э.Камчыбекова, Эрнис уулу А куратордук саат өткөрүштү.

Куратордук сааттын максаты- студенттерге кибер кылмыштуулуктун түрлөрү (фишинг, хакердик чабуулдар, интернеттеги алдамчылыктар) жөнүндө маалымат берүү. Жеке маалыматтарды коргоо жана социалдык тармактарда коопсуздук эрежелерин сактоону үйрөтүү. Куратордук сааттын жүрүшү-иш-чаранын алкагында студенттерге бүгүнкү күндө кеңири тараган кибер-коркунучтар тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, реалдуу турмуштан алынган мисалдар талкууланды. Сабак учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Кураторлор тарабынан атайын даярдалган «Санариптик коопсуздуктун 5 эрежеси» аттуу карточкалар таркатылды.