1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

ЖББ ПЦК жыйыны – жаңы идеялар жана натыйжалуу чечимдер

Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсында кезектеги №15  жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга ПЦКнын башчысы, окутуучулар курамы жана ЭУКтун директору А.А.Ташматова  катышышты. Жыйынды ПЦКнын башчысы М.Ж. Асанова ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

1. Ачык сабактардын өтүлүшүн талкуулоо.

2. Студенттик илимий конференцияга темаларды жана жетекчилерди бекитүү.

3. Билим берүүдө окутуунун активдүү формаларын жана маалымат-технологияларды колдонуу.

Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү окутуучулар маалыматтарды беришти. Директор А.А.Ташматова каралып жаткан маселелер боюнча жакшы иш алып барууну жана  студенттик конференцияга катышкан студенттер жана жетекчилер сертификат ыраазычылык каттарды алгандыгын белгиледи. Окуу процессин жакшыртуу максатында ар жыйында каралуучу маселеде  тарых окутуучусу А.Жороеванын сабагы боюнча  “Кыргызстандын маданияты жана социалдык-философиялык ойлордун онугушу”-деген тема талкууланды.  Окутуучулар өз ойлорун билдирип, сунуш-пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынып окутуучуларга милдеттендирилди.