1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Экономика жана укук колледжине шахмат комплекттери тапшырылды

2026-жылдын 28-апрелинде Экономика жана укук колледжине 10 даана шахмат комплекти өткөрүлүп берилди. Демилге Кыргыз шахмат союзу тарабынан уюштурулуп, уюмдун президенти Бабур Латифжанович Толбаев колдоосу менен ишке ашырылды.

Колледждин директору А.А. Ташматова белгилегендей, берилген шахмат комплекттери окутуучулар менен студенттердин машыгуу иштерин уюштурууга, шахмат ийримдерин өнүктүрүүгө жана билим берүү процессин колдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул Туруктуу өнүгүү максаттары, айрыкча сапаттуу билим берүү жана жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүн колдоо багыттарына шайкеш келет. Бул иш-чара шахматты өнүктүрүү, жаштар арасында интеллектуалдык оюндарды жайылтуу жана окуу процессин колдоого багытталган.