1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 год назад

256

1

ГЛОБАЛДУУ АКЧА ЖУМАЛЫГЫ-2024

19-март күнү  Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде "Глобалдуу акча жумалыгы-2024"  алкагында окутуучуларга,  студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча Улуттук банктын        Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкери, финансылык сабаттуулук боюнча тренер  Фарида Ильясова лекция окуду. Лекцияда Глобалдуу акча жумалыгы- бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүү масштабдуу компания экендигин маалымдап, финансылык пландаштыруу жана үй бүлө бюджети, финансы чогултуунун жолдору, депозит жана финансыны кыймылсыз мүлк түрүндөө сактоону айтып берди. Лекциянын жыйынтыгында студенттерди туура максат коюуну  жана финансыны туура пайдаланууга чакырды. Студенттер Фарида Ильясовнага лекцияны кызыктуу өтүп бергендиги үчүн   ыраазычылык билдиришти.