1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Кесипке багыт – келечекке кадам: Экономика ПЦКсынын профориентациялык иштери

  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси  Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары 2026-жылдын 24–28-апрель күндөрү профориентациялык иш-чаралардын алкагында жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчү класстары менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш-чарага ПЦКнын окутуучулары Э.Э.Кадырова, А.К.Калмурзаева, Б.К.Курстанбекова, С.Г.Эсенова жана З.Д.Иркеева активдүү катышышты. Профориентациялык иштер Манас шаарындагы №18 Манас атындагы орто мектебинде, ошондой эле Сузак району аймагындагы №100 С.Казакбаев атындагы, №11 М.Орозалиев атындагы жана №9 И.Мичурин атындагы орто мектептерде өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө окутуучулар окуучуларга колледж тууралуу кеңири маалымат беришип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окутуу багыттары, адистиктер, окуу процесси, студенттик жашоо жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмө беришти. Айрыкча экономика жана укук тармагындагы адистиктердин актуалдуулугу, эмгек рыногундагы орду жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөргө кабыл алуу шарттары, керектүү документтер, окууга тапшыруу тартиби жана окуу мөөнөттөрү тууралуу так маалыматтар жеткирилди. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден кеңештерди алышты. Мындай жандуу форматтагы баарлашуу жаштардын кесип тандоосуна туура багыт берүүдө маанилүү роль ойнойт.

   Профориентациялык иш-чаралардын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура кесип тандоодо жардам берүү, алардын кызыгуусуна жараша багыт берүү жана колледждин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу болуп саналат.