1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

ЭУКта «Протоколдор» темасы боюнча практикага багытталган окутуу өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин УТК 3-23 тайпасында кесиптик билим берүүнү практика менен айкалыштыруу максатында «Протоколдор» темасы боюнча жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Иш-чараны окутуучу Г.М. Сабиралиева жетектеп, студенттерге теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен бекемдөөгө шарт түздү.

Сабактын алкагында протокол түшүнүгүнө кеңири токтолуп, анын укуктук документ катары мааниси, колдонулуу чөйрөсү жана түзүлүшү этап-этабы менен каралды. Өзгөчө көңүл протоколдордун негизги түрлөрүнө — жыйын протоколу, административдик протокол жана кызматтык протоколдорго бурулуп, алардын айырмачылыктары жана ар биринин өзгөчөлүктөрү талдоого алынды.

Практикалык бөлүгүндө студенттерге ар кандай кырдаалдар сунушталып, алар өз алдынча протокол түзүп көрүштү. Бул ыкма алардын документ менен иштөө жөндөмүн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана юридикалык тилди туура колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле протокол жазууда кетирилүүчү типтүү каталар талкууланып, аларды болтурбоо жолдору көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында студенттер протокол түзүүнүн тартибин өздөштүрүп, аны иш жүзүндө колдоно билүү жөндөмдөрүн бекемдешти. Өткөрүлгөн окутуу кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталып, болочок адистердин даярдыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизди.