НООРУЗ-ЖАЗ МАЙРАМЫ

19-март күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде укук таануу адистигинин УТк-2-22 тайпасынын куратору Б.Жусупбекова студенттери менен биргеликте Нооруз майрамына карата ачык куратордук сабак өттү.
Сабактын максаты байыркы мамлекетибиздин башатындагы майрам-улустун улуу күнү Нооруздун тарыхынан маалымат берип, анын адамдарга болгон ниет тилектерин ачып көрсөтүү, жана жаш муундарды эл жерди урматтоого, жаратылышка айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоо менен аны көздүн карегиндей сактоого үндөп мекенчилдикке, ыймандуулукка жана улут аралык биримдикке, ынтымакка, адамгерчиликке тарбиялоо.
Сабакты ата- бабабыздын салты боюнча Умай эненин аластоосу менен башташты. Студенттер Нооруз майрамы жөнүндө ырларды, тарыхый көрүнүштөрдү жана улуттук тамак- аштар боюнча айтып беришти.Сабактын жыйынтыгында колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.Айылчиева кесиптештерди жана студенттерди майрамы менен куттуктап, активдүү катышкан студенттерди белгилеп кетти.