1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

100

ЭУКта туруктуу өнүгүү максаттарына карай көчмө практикалык сабак  

Экономика жана укук колледжинин УТк 02-24 тайпасында ТӨМдүн алкагында «Сырттан кароо тартибиндеги сот өндүрүшү жана сырттан чыгарылган чечим» темасы боюнча көчмө практикалык сабак (жумуш ордунда окутуу) уюштурулду.

Аталган иш-чара Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө өткөрүлүп, аны окутуучу Г.М. Сабиралиева уюштуруп, жетектеди. Сабактын жүрүшүндө студенттер жарандык процесстеги сырттан өндүрүш жүргүзүүнүн тартиби, анын өзгөчөлүктөрү жана соттун сырттан чечим чыгаруу негиздери тууралуу кеңири маалымат алышты.

Мындан тышкары, практикалык мисалдар каралып, студенттер өз билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Сабактын жыйынтыгында коюлган максаттарга жетишилип, студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлдү.