1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Насаатчылык – сапаттуу билим жана туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги

Экономика жана укук колледжинде адистин кесиптик өнүгүүсү — туура пландалган жана туруктуу колдоого алынган процесс экенин А.А.Ташматова менен З.Амиракулова биргелешкен иш тажрыйбасы дагы бир жолу далилдейт. Алар ай сайын түзүлгөн кесиптик планга ылайык конкреттүү максаттарды коюп, ар бир этапта жетишкендиктерди талдап, кыйынчылыктарды биргеликте чечип келишет. Мындай ыкма З.Амиракуловага өзүнүн күчтүү жактарын бекемдөөгө, ал эми алсыз тараптарын системалуу түрдө жакшыртууга шарт түзөт. Эң негизгиси — насаатчы тарабынан үзгүлтүксүз кайтарым байланыш жана практикалык колдоо көрсөтүлүп турушу адистин ишенимин арттырып, сапаттуу педагогикалык чеберчиликтин калыптанышына өбөлгө түзөт. Ошондой эле З.Амиракулова жетектеген «Кыргызстандын тарыхы» сабагы боюнча БЭк-2-24 тайпасынын студенти Казыбеков К. студенттик Олимпиада-2026 сынагында ийгиликтүү катышып, 2-орунду ээледи. Бул жетишкендик — окутуучунун максаттуу иш алып баруусу, студенттер менен сапаттуу билим берүү процессин уюштуруусу жана анын натыйжалуулугунун айкын көрсөткүчү болуп саналат. Мындай жыйынтык З.Амиракулованын кесиптик өсүшү менен бирге студенттердин да билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын потенциалын ачууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, бул ишмердүүлүк Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган Туруктуу өнүгүү максаттары менен да шайкеш келет. Айрыкча, Туруктуу өнүгүү максаты 4 — сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, Туруктуу өнүгүү максаты 8 — кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаты 17 — насаатчылык жана кызматташтык аркылуу жыйынтыкка жетүү принциптери иш жүзүндө ишке ашырылып жатат.