КУТ ТОЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ!

19-март күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика -юридикалык колледжинде Нооруз майрамына карата "Кут толгон Нооруз майрамы" аталышында "Сармерден" кыз-жигиттер таймашы болуп өттү. "Сармерден" кыз-жигиттер таймашын ЖББ ПЦКсынын окутуучусу М.Базарбаева уюштуруп, ЭЮКтун 1- жана 2-курстун таланттуу студенттери катышышты.Уз энелерибиздин колунан жаралган көшөгө тартылып, килем төшөлүп сахнага көрк берип турду. Кыз-жигиттер таймашына Билим-Стандарт аккредитациялык агентигинин эксперттери да күбө болушуп, студенттерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттукташты. "Сармерден" оюну ыр-күлкү, тамашалуу макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар менен коштолду. Таймаштын жыйынтыгында катышуучуларга мактоо баракчасы тапшырылды.
Белгилей кетсек, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 17 адистиги Билим Стандарт агенттигинен аккредитациядан өтүүдө.