АР БИР КЕСИП АРДАКТУУ

2024-жылдын 14-15-март күнү экономика-юридикалык колледжинин ЖББ ПЦКсынын окутуучулары Орозова Ж, Базарбаева М, Карим кызы Лунара,Садырова Н жана Ниязбек уулу Исабек Жалал-Абад облусунун аймагындагы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы жалпы билим берүү мекемелериндеги 9-жана 11- класстын окуучуларына кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү.
Профориентация жүргүзүүнүн максаты жаш муундарга туура кесип тандоого багыт жана биздин окуу жай жөнүндө маалымат берүү. Окутуучулар экономика-юридикалык колледжинин адистиктери, студенттерге түзүлгөн шарттары, билим алууда жаратылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтарды беришип, ар бир кесип ардактуу экендигин айтып беришти.