1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Туруктуулукка карай кадам: студенттердин илимий изденүүсү

Экономика жана укук колледжинин туризм адистигинин студенттери К. Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи тарабынан уюштурулган «Туруктуулук жана айлана-чөйрө» аталышындагы III Республикалык илимий-практикалык конференциясына онлайн форматта активдүү катышты. Бул иш-чара жаштардын илимий изденүүсүн колдоо, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтуу максатын көздөдү.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоо, экотуризмди өнүктүрүү, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу сыяктуу актуалдуу темаларда баяндамаларын сунуштап, өз ара тажрыйба алмашышты. Иш-чаранын уюштуруучулары – тажрыйбалуу окутуучулар жана илимий жетекчилер – студенттерге багыт берип, алардын илимий ой жүгүртүүсүн тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Илимий-практикалык конференцияга активдүү катышкан студенттерге сертификаттар тапшырылып, алардын жетекчилерине ыраазычылык каттар ыйгарылды. Бул жетишкендиктер жаш изилдөөчүлөрдүн эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат.  Туризм адистигинин ТМК-2-25 тайпасынын студенти Эмилов Алихан өзүнүн мыкты баяндамасы менен айырмаланып, I даражадагы дипломго татыктуу болду, илимий жетекчиси Н. А. Айылчиева.  Бул ийгилик студенттердин билимге болгон умтулуусун, изденүүсүн жана келечектеги кесипкөйлүгүнүн бекем пайдубалын даана көрсөтүп турат.

Мындай иш-чаралар жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, аларды жоопкерчиликтүү, экологиялык жактан аң-сезимдүү адис катары калыптандырууда чоң мааниге ээ.