1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Олимпиада - 2026

2026-жылдын 25-апрелинде Б. Осмонов атындагы ЖАГУнун Педагогикалык колледжи студенттик «Олимпиада-2026» иш-чарасын өткөрүү үчүн конокторду жылуу тосуп алды. Олимпиада 13 предмет боюнча өткөрүлүп, студенттер өз билимдерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Экономика жана укук колледжинин студенттери жогорку деңгээлдеги жыйынтыктарды көрсөтүшүп, жети студентибиз байгелүү орундарды ээлеп, I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

I орунду ээлеген студенттер:

1. Химия сабагы - СС-3-25 тайпасынын студенткасы Тойчубекова А. Жетекчиси: Камчибекова Э.

2. Санариптик сабаттуулук - ФКк-2-25 тайпасынын студенти Ханкелдиев А.

Жетекчиси: Матраимова А.

II орунду ээлеген студенттер:

1. Орус тили - БЭк-2-25 тайпасынын студенткасы Камалова Б. Жетекчиси: Осмонова Н.

2. Кыргызстандын тарыхы-  БЭк-2-24 тайпасынын студенти Казыбеков К.

Жетекчиси: Амиракулова З.

III орунду ээлеген студенттер:

1. Жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү - СРк-2-24 тайпасынын студенткасы Оморбекова Ж,  жетекчиси: Асанова М.Ж.

2. Чет тили -УТк-4-24 тайпасынын студенткасы Акунова Ф, жетекчиси: Айылчиева Н.

3. Кыргыз тили жана адабияты - БЭк-3-25 тайпасынын студенткасы Айтыкулова Б, жетекчиси: Барпыбаева В.