1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Ачык эшиктер күнү: Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсында мастер-класс өтүлдү

ЖАМУда Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Н.Н. Сатымкулова Социалдык иш адистиги боюнча мастер-класс өттү. Иш-чарага мектеп окуучулары жана коноктор катышып, социалдык кызматкердин кесиби менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мастер-класстын темасы «Эмпатия — менин суперкүчүм: адамдарга жардам берүү искусствосу» болду. Сабактын жүрүшүндө катышуучулар эмпатия түшүнүгү, анын түрлөрү жана социалдык иштеги мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты 

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды адамдарга жардам берүүгө шыктандыруу, социалдык иш адистигинин маанисин түшүндүрүү жана эмпатияны өнүктүрүү болду.

Жыйынтыгында катышуучулар социалдык иш — бул жөн гана кесип эмес, коомго кызмат кылган маанилүү миссия экенин түшүнүштү. Ар бир адамда башкаларды түшүнө билүү күчү бар экени баса белгиленди.