1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Эмгек рыногу жана мүмкүнчүлүктөр

Экономика жана укук колледжинде социалдык иш адистигинин студенттери үчүн конок лекция уюштурулду. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин консультанты Уметова Айнура Эгембердиевна өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун талдоо жана иш менен камсыз кылуунун негизги тенденциялары” аттуу тема кеңири талкууланды. Студенттер эмгек рыногунун учурдагы абалы, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги өзгөрүүлөр тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты.

Колледж жамааты конок лекция өткөрүп, студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Айнура Эгембердиевнага ыраазычылык билдирди.