1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) ылайык: жумуш ордунда окутуу уюштурууда

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын окуу-таанышуу практикасы учурунда жумуш ордунда окутуу иш-планынын негизинде Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу Молдомиров Эрлан Таалайбекович Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 2-курстардын студенттерине “Социалдык иште консультация берүү ыкмалары” деген темада жумуш ордунда окутуу уюштуруп, сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө индивидуалдык жана топтук консультацияларды өткөрүү маселелери кеңири каралды.

Бул окутуунун максаты студенттерди социалдык иште консультация берүү ыкмалары менен тааныштыруу, индивидуалдык жана топтук консультацияларды уюштуруу жана жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, кардарлар менен иштөөдө коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле теориялык билимдерди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу аркылуу кесиптик компетенцияларын калыптандыруу болду.

Жыйынтыгында, студенттер социалдык иште консультация берүү процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышып, индивидуалдык жана топтук консультацияларды өткөрүү ыкмаларын практикалык жактан өздөштүрүштү. Ошондой эле кардарлар менен туура коммуникация түзүү, алардын муктаждыктарын аныктоо жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча баштапкы көндүмдөрү калыптанып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгы жогорулады.