1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Практика учурунда кризистик кырдаалда социалдык колдоо боюнча окутуу

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын окуу-таанышуу практикасы учурунда жумуш ордунда окутуу иш-планынын негизинде Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу Молдомиров Эрлан Таалайбекович Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгында 2-курстардын студенттерине “Кыйын кырдаалдарда жана чыр-чатак абалында колдоо көрсөтүү” деген темада окутуу өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө кризистик кырдаалда социалдык колдоо көрсөтүү ыкмалары жана конфликттик абалды жөнгө салуу жолдору талкууланды. Ошондой эле студенттерге реалдуу кырдаалдарга мисалдар аркылуу түшүндүрмөлөр берилди. Практикалык тапшырмалар аркылуу алардын активдүү катышуусу камсыздалды.

Максаты – студенттерди кыйын кырдаалда социалдык колдоо көрсөтүү ыкмалары менен тааныштыруу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу.

Жыйынтыгында студенттер тема боюнча маанилүү практикалык маалыматтарды алышып, кесиптик даярдыгын жогорулатышты. Алар конфликттик кырдаалдарды талдоо жана туура чечим кабыл алуу боюнча баштапкы көндүмдөрүн өркүндөтүштү.