1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) ылайык: социум ийриминин кезектеги мастер-классы

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын социум ийриминде иш-чаралар бекитилген иш-планга ылайык үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Бул ирет социум ийриминин кезектеги мастер-классы уюштурулду. Иш-чарага ийримдин жетекчиси Анарбай кызы Айтбү тарабынан социалдык иш ПЦКсынын башчысы Сатымкулова Наргиза Надырбековна чакырылып, катышуучулар менен жолугушуу өткөрдү.

Мастер-класстын негизги максаты жаштардын жашоого болгон жоопкерчиликтүү көз карашын калыптандыруу, суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бири-бирине колдоо көрсөтүү маданиятын өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашоонун баалуулугу, адамдын психологиялык абалы, стресстик кырдаалдар жана аларды жеңүү жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар темага кызыгуу менен катышып, суроо-жооп форматында активдүү пикир алышты.

Жыйынтыгында, социум ийриминин кезектеги мастер-классы ийгиликтүү өтүп, катышуучулар жашоонун маанисин тереңирээк түшүнүп, бири-бирине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн өздөштүрүштү