1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Окуучуларга кесип тандоодо багыт берүү

Экономика жана укук колледжинин «Жалпы билим берүү» ПЦКсынын окутуучулары №10 Тойгонбай Кошматов атындагы, №27 Ю.А. Гагарин атындагы, №25 Мыктарбек Төрөмаматов атындагы жана №18 «Манас-1000» атындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү арасында профориентациялык иш жүргүзүштү. Профориентациянын максаты – окуучулардын кызыгуусун жана жөндөмдөрүн эске алуу менен аларга туура багыт берүү. Окутуучулар А. Токтогулов, Н. Баитова, Т. Жолдошова, М. Асанова жана А. Шаршенкулова экономика жана укук колледжи тууралуу, окуу шарттары, контракттык негиз, колледжге кабыл алуу эрежелери, өндүрүштүк практиканын өтүшү жана окууну аяктагандан кийинки мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат беришти. Мындай профориентациялык иштер бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесибин туура тандоого жардам берет.