1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) ылайык: онлайн алдамчылыктын алдын алуу жана социалдык тармактардагы коопсуздук” аталышында куратордук саат

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу Анарбай кызы Айтбү СРК-01-25 тайпасына “Онлайн алдамчылыктын түрлөрү”, “Социалдык тармактардагы шылуун аракеттер жана алардан сактануунун жолдору” деген темада куратордук саат өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер онлайн алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү, интернеттеги коопсуздук эрежелери жана социалдык тармактарды туура пайдалануу боюнча маалыматтарды алышты. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан даярдалган плакаттар көрсөтүлүп, темага байланыштуу презентациялар сунушталды.

Иш-чаранын максаты студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турумду калыптандыруу, алдамчылык аракеттерден сактануу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча түшүнүгүн бекемдөө болду.

Жыйынтыгында, студенттер онлайн коопсуздук боюнча маанилүү билимдерге ээ болуп, социалдык тармактардагы коркунучтарды туура баалоо жана алдын алуу жолдорун өздөштүрүштү.