1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Ички олимпиаданын жыйынтыгы

Экономика жана укук колледжинде 1-2-курстун студенттери арасында  Жалпы билим берүү  ПЦКсы тарабынан уюштурулган салттуу олимпиада өткөрүлдү. Студенттер жалпы билим берүүчү жана кесиптик дисциплиналар боюнча өз билимдерин сынашты.Олимпиаданын ачылышына колледждин директору Ташматова А.А. жана окутуучу-предметчилер катышты. Куттуктоо сөзү менен Жалпы билим берүү ПЦКсынын төрайымы М.Ж. Асанова чыгып сүйлөдү. Олимпиаданын максаты-студенттердин билимге болгон умтулуусун колдоо, интеллектуалдык өнүгүүсүн стимулдаштыруу жана келечектеги адистердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Бардык катышуучулар предметтер боюнча жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү. Жогорку жыйынтык көрсөткөн катышуучуларга I, II, III даражадагы дипломдор тапшырылды.