1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Дүйнөлүк акча жумалыгы – жаштардын финансылык билимин өнүктүрүү аянтчасы

Жыл сайын белгиленип келген каржы сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026» иш-чарасынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнүн жана туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсы окутуучулары А. Калмурзаева жана Э.Кадырова тарабынан мазмундуу жана пайдалуу конок лекция уюштурулду.

      Иш-чаранын негизги максаты студенттердин каржы сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу жана банктык система тууралуу практикалык билим берүү болуп саналат.

     Конок лекцияга ААК “Элдик банк” Жалал-Абад филиалынын директорунун орун басары Закирова Инара Вадимовна чакырылып, ал студенттер менен жандуу баарлашуу жүргүздү. Лекциянын жүрүшүндө банк системасынын иштөө принциптери, жеке финансыларды башкаруу, үнөмдөө маданияты, насыя алуудагы жоопкерчилик жана заманбап банктык кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге улуттук валютанын тарыхы, анын экономикалык туруктуулукту камсыздоодогу ролу жана санариптик төлөмдөрдүн бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу кызыктуу фактылар айтылды. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу кеңештерди алышты.