1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Жумуш ордунда окутуу шартында “Салык карыздарын өндүрүү тартиби” темасын өздөштүрүү

   Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында белгиленген “Сапаттуу билим берүү” принцибин ишке ашыруу максатында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуу иш-чаралары ийгиликтүү уюштурулууда.

Аталган демилгенин алкагында Экономика ПЦКсынын “Салык жана салык салуу” адистигинин жетекчилери Г.Б. Бекиева, З.М. Ахмедова жана Г.П. Салибаева тарабынан        Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгында студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу жана методикалык жардам көрсөтүлдү.

           Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге “Салык карыздарын өндүрүү тартиби” темасы боюнча кеңири маалымат берилип, төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:

салык карыздарын аныктоо жолдору;

салык төлөөчүлөргө эскертүү берүү тартиби;

карыздарды өндүрүүнүн укуктук жана практикалык механизмдери;

реструктуризация маселелери жана анын өзгөчөлүктөрү.

Бул окутуу студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, теориялык билимдерин бекемдөөгө жана келечектеги эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түздү. Ошондой эле мындай иш-чаралар билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдап, сапаттуу адистерди даярдоодо маанилүү роль ойнойт.