1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Жумуш ордунда окутуу: каржы тармагында жоопкерчиликти калыптандыруунун эффективдүү жолу

Бириккен Улуттар Уюмунун “Сапаттуу билим берүү” принцибин, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуу уланууда.

Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин окутуучулары            Б. Курстанбекова жана З. Иркеева тарабынан Манас шаарындагы ААК “Элдик банк” филиалында студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

         Иш-чаранын жүрүшүндө филиалдын директору Ибраимов Темирбек Ибраимович “Ката кетирүүнүн кесепеттери жана административдик жоопкерчилик” темасында баяндама жасап төмөнкү негизги маселелер кеңири каралды:— каржылык жана бухгалтердик каталардын түрлөрү жана алардын кесепеттери;— туура эмес жүргүзүлгөн эсеп-кысаптын натыйжасында жаралуучу финансылык жоготуулар;— административдик жоопкерчиликке алып келүүчү жагдайлар жана мыйзамдык негиздер;—кызматтык милдеттерди так аткаруунун мааниси;— каталардын алдын алуу, ички көзөмөлдү күчөтүү жана иш процессин оптималдаштыруу жолдору.

      Мындан тышкары, студенттер банк ишмердүүлүгүнүн күнүмдүк процесстери, каржылык документтерди туура толтуруу, кардарлар менен иш алып баруу маданияты жана кызматтык этика тууралуу баалуу маалыматтарды алышты. Практикалык мисалдар аркылуу берилген түшүндүрмөлөр теманын өздөштүрүлүшүн жеңилдетип, студенттердин кызыгуусун арттырды.