1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

ЭУКтун окутуучулар курамы үчүн электрондук журналдагы өзгөрүүлөр боюнча семинар өткөрүлдү

Семинарды Санариптештирүү жана инновациялык билим берүү технологиялары борборунун директору Термечикова Алтынкан Мамытовна өткөрүп, анда электрондук журнал системасындагы акыркы жаңылыктар, өзгөртүүлөр жана аларды колдонуу тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Семинардын негизги максаты – окутуу процессинде электрондук журналды натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу жана окутуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, практикалык сунуштар менен таанышышты.

Бул семинар окутуу процессин санариптештирүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталып, Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга (ТӨМ 4) өз салымын кошот деп билдирди колледждин директору А.А.Ташматова.