1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Методикалык жардам – студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатуунун негизги куралы

Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин окутуучулары Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан Манас шаарындагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик практика өтөп жаткан студенттерге үзгүлтүксүз методикалык жардам көрсөтүлүп келди.

Жардам көрсөтүү учурунда жумушчу программанын жол картасына ылайык төмөнкү багыттар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү:

Студенттерге практиканын максаты, милдеттери жана күтүлгөн жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат берилди;

Күндөлүк жана отчеттук документтерди туура толтуруу боюнча методикалык көрсөтмөлөр сунушталды;

Ишканада аткарылуучу тапшырмаларды пландаштыруу жана этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча кеңештер берилди;

Ички тартип эрежелерин сактоо, иш ордундагы этика жана жоопкерчилик маселелери түшүндүрүлдү;

Алынган практикалык маалыматтарды талдоо жана жыйынтык чыгаруу боюнча багыт берилди.

Мындай методикалык колдоо студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн туура уюштурууга, алган билимдерин бекемдөөгө жана кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле студенттердин өз алдынча иштөө жөндөмүн жогорулатып, алардын келечектеги адис катары калыптанышына оң таасирин тийгизет.