1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Туруктуу өнүгүү максаттарында: Ачык эшиктер күнү — студенттер Сузак райондук сотунда

Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук сотунда кезектеги «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасы өткөрүлүп, ал билим берүү менен практиканын айкалышын чагылдырган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чарага Экономика жана укук колледжинин Укук таануу ПЦКсынын окутуучулары Б. Жусупбекова жана Д. Сатарова жетекчилик кылган УТк-2-24, УТк-3-24, УТк-4-24 жана УТк-5-24 тайпаларынын студенттери активдүү катышты.

Бул иш-чара туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш уюштурулуп, айрыкча сапаттуу билим берүү жана укуктук маданиятты жогорулатуу багыттарын камтыды. Анын негизги максаты — студенттердин сот тутуму боюнча практикалык билимин кеңейтүү, соттук отурумдардын өтүү тартиби менен жакындан тааныштыруу жана келечектеги юридикалык кесипке туура багыт берүү болду.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер сот залдары менен таанышып, сот адилеттигин ишке ашыруунун мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты. Реалдуу сот чөйрөсүн көрүү алардын теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик түшүнүгүн тереңдетти.

Мындан тышкары, студенттер сот кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык жактан пайдалуу жоопторду ала алышты. Бул жандуу диалог жаштардын укуктук аң-сезимин калыптандырууга жана жарандык жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түздү.

«Ачык эшиктер күнү» сыяктуу иш-чаралар — билим берүү процессин турмуш менен байланыштырып, компетенттүү, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү адистерди тарбиялоонун маанилүү куралы болуп саналат.