1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Туруктуу өнүгүү максаттарында: «Волейбол-2026» — кыздардын күчү, ден соолугу жана тең укуктуулугу

2026-жылдын 18-апрелинде Экономика жана укук колледжинде кыздар арасында өткөн «Волейбол-2026» аттуу спорттук мелдеш жөн гана оюн эмес, коомдук мааниси терең, тарбиялык багыты күчтүү иш-чара катары өзгөчөлөндү. Бул мелдеш жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле гендердик теңчиликти даңазалоо максатын көздөдү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында колледждин директору А.А. Ташматова сөз сүйлөп, катышуучуларды жазгы спорт майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө спорттун жаштардын турмушундагы орду өзгөчө экенин баса белгилеп, мындай иш-чаралар глобалдык өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта экенин айтты. Бул мелдеш Бириккен Улуттар Уюму тарабынан сунушталган Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында уюштурулуп, бир нече маанилүү багыттарды камтыды. Атап айтканда, ден- соолукту чыңдоо, сапаттуу билим берүү жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелери спорт аркылуу ишке ашырылды. Иш чарага 8 команда активдүү катышты.

Жыйынтыгынды спорттук мелдеши жогорку деңгээлде аяктап, мыкты командалар жана оюнчулар аныкталып кубок, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Мелдеш студент кыздардын биримдигин, шамдагайлыгын жана жеңишке болгон умтулуусун айкын көрсөттү. Бул мелдеш спорт аркылуу сергек жашоо образын жайылтуу менен бирге, кыздардын коомдогу активдүүлүгүн арттырып, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун – Социалдык иш адистигинин студенттери 
  • 2-орун – Каржы адистигинин студенттери
  • 3-орун – Укук таануу адистигинин студенттери 

Жеке номинациялар

  •  Мыкты коргоочу – Муратова Айтегин,  ФК-4-25 тайпасы
  •  Мыкты чабуулчу – Орозалиева Хадича,  УТК-3-25 тайпасы
  •  Мыкты байланыштыруучу – Эргешова Азема,  СРК-01-25 тайпасы
  •  Мыкты оюнчу – Шүкүралиева Аяна ФК-4-24 тайпасы