1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Жумуш ордунда окутуу – билим сапатын жогорулатуунун натыйжалуу жолу

 Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча глобалдык келишиминин "Сапаттуу билим берүү" принцибин ишке ашыруунун алкагында, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин окутуучулары Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан Манас шаарында жайгашкан “Дос-Кредо” банкында студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

ЖООнун жүрүшүндө студенттер “Ички көзөмөл жана аудит: максаты жана милдеттери” темасы боюнча кеңири маалымат алышты. Атап айтканда:

ишкананын ички көзөмөл жана аудит системасынын максаты, милдеттери жана негизги функциялары менен таанышышты;

ички көзөмөлдүн каржылык тартипти сактоодогу ролу тууралуу түшүнүктөр берилди;

аудит жүргүзүүнүн мааниси жана анын ишкананын туруктуу иш алып баруусундагы орду боюнча маалыматтар сунушталды.

      Мындай форматтагы окутуу студенттерге теориялык билимди практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле студенттер реалдуу иш чөйрөсү менен таанышып, келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттырат.