1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Билим кербени Арсланбап айылында

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсынын окутуучулары — Карим кызы Л., Кочкорова Н., Садырова Н. жана Барпиева Г. — Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылындагы №19 Арсланбап атындагы жана №39 Юрий Исламов атындагы орто мектептерде профориентациялык жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө Экономика жана укук колледжинде окутулган адистиктер: экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы, социалдык иш, банк иши, салык жана салык салуу, туризм, укук таануу боюнча кеңири маалымат берилди. Окутуучулар жаштардын кесип тандоодогу актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолуп, айрым учурда бүтүрүүчүлөр алган кесиби боюнча иштей албай калган учурлар кездешерин белгилешти.

Ушундай жагдайларга кабылбоо үчүн ар бир жаш өзүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жараша туура кесип тандоосу зарыл экендиги баса белгиленди. Ошондой эле өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо, радикалдашуунун алдын алууда билимдүү адистердин орду өзгөчө маанилүү экени айтылды.

Жолугушуу окуучулардын активдүү суроо-жооптору менен жыйынтыкталды.