1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

Жумуш ордунда окутуу: каржы адистерин даярдоонун натыйжалуу кадамы.

Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген билим берүү саясатын ишке ашыруунун алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү жана өндүрүштүк комплекси билим сапатын жогорулатууга багытталган заманбап ыкмаларды активдүү колдонуп келет. Анын ичинде өзгөчө мааниге ээ болгон багыттардын бири – жумуш ордунда окутуу системасы болуп саналат.

          Аталган демилгенин алкагында Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин жетекчилери Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан Манас шаарында жайгашкан “Байлык-Финанс” микро-кредиттик компаниясында жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду.

          Иш-чаранын жүрүшүндө “Байлык-Финанс” микро-кредиттик компаниясынын Жалал-Абад филиалынын директору Исакжанов Дилшоджон Азимжанович студенттер менен ачык диалог жүргүзүп, өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал “Кардарларды тейлөө процесси, келишимдерди түзүү жана эсептешүү тартибин изилдөө” аталышындагы мазмундуу баяндама жасап, каржы тармагындагы практикалык ишмердүүлүктүн маанилүү аспектилерин кеңири түшүндүрүп берди.

Атап айтканда, студенттерге кардарлар менен иш алып баруунун негизги этаптары – кардарды кабыл алуу, муктаждыктарын аныктоо, кесиптик кеңеш берүү жана сапаттуу тейлөө көрсөтүү процесстери мисалдар аркылуу жеткиликтүү баяндалды. Ошондой эле, каржы мекемелеринде колдонулуучу келишимдердин негизги түрлөрү, алардын юридикалык мааниси жана түзүү тартиби тууралуу маанилүү маалыматтар берилди. Мындан тышкары, эсептешүү процессинде колдонулуучу каржылык документтер, алардын туура жүргүзүлүшү жана документ жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча да кеңири түшүндүрмөлөр сунушталды.

       Бул сыяктуу жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө менен гана чектелбестен, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошот.