1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын 2-курс студенттери окуу-таанышуу практикасынын алкагында кесиптик билимдерин тереңдетишти. Практиканын жүрүшүндө Социалдык иш ПЦКсынын практика жана карьера жетекчиси Анарбай кызы Айтбү тарабынан 17-апрель күнү Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге методикалык жардам көрсөтүү жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Окутуунун жүрүшүндө студенттерге жол карта менен иштөө жолдору кеңири түшүндүрүлүп, практикалык мисалдар аркылуу бекемделди. Ошондой эле жаңы терминдерге кеңири түшүндүрмө берилип, отчет жазуунун талаптары, түзүлүшү жана туура тариздөө эрежелери үйрөтүлдү.

Бул практика студенттер үчүн теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонууга шарт түзүп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө багыт берди.